Алмаз Сарыбаев үй камагына чыкты

  • 2 года мурун

Бишкек шаардык соту бийликти күч менен басып алууга шектелип кармалган «АКБ Толубай» ЖАКынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаевди үй камагына бошотту.

Сарыбаев өткөн жылы сентябрь айында бийликти күч менен басып алууга шектелип кармалган. Андан мурун социалдык тармактарда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов менен Алмаз Сарыбаевдин сүйлөшүүсү делген аудио жаздыруу тараган. Анда Курсан Асанов, Жанар Акаев жана дагы башка саясатчылар бийликти күч менен басып алууга камынып жатканы айтылган.

Кийин көз карандысыз экспертизалар аталган аудионун жасалма экенин аныктаган.

Алмаз Сарыбаев — Экономика жана финансы институтунун ректору, профессор Айылчы Сарыбаевдин уулу. Экономика жана финансы институтунун алдындагы Билим берүү жана карьера борборун жетектеп келген. «АКБ Толубай» жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты