Марат Бакиевдин Кыргызстанга келгени чындык

Эркин журналист Алмаз Чербеков Курманбек Бакиевдин иниси Марат Бакиевдин Кыргызстанда эле жүргөнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты.   

“Бишкектеги сейил бактардын биринен кадимки Маратбек Бакиевди кезиктирип калдым. Жакында эле сайттардын бирине мурдагы баш прокурор Байтемир Ибраев “Бакиевдин инилери мурда эле келип жашап жатат” деп маек бергенин окудум эле. Журналисттик адатыма салып, ал киши менен кыска маектешип, коомчулуктун бүйүрүн кызыткан айрым суроолорду узатканга үлгүрдүм” деп жазды Фейсбук баракчасына.

“ПолитКлиника” медиасынын кабарчысы Алмаз Чербеков менен байланышканда, ал буларды айтып берди:

-Кечээ (25-июнь, 2024-жыл -ред.) мен Бишкекте “Дружба” паркынан Марат Бакиевди кезиктирип калдым. Ал кишини мурда таанычу эмесмин, сүрөтүнөн эле көргөм. Аны карап, бүшүркөп, анан “Сиз Марат Бакиевге окшош экенсиз, ал эмессизби?” деп сурадым. Ал “Ооба, мен Марат Бакиевмин” деп жооп берди.

Андан кийин журналисттик кызыгуум күч алып, “Сизге бир-эки суроо узатсам болобу? “ десем, ал “Кереги деле жок го” деп жооп берди.

«Эл арасында ар кандай сөздөр бар, жооп берип койсоңуз жакшы болот эле» деп сурадым. Марат Бакиев макул болуп, кыскача жооп узатты.

“Кыргызстанга биринчи жолу 2014-жылдын аягында келгем. Мага козголгон кылмыш иши жок болчу. Мен кылмыш кылбасам, эмне үчүн качып жүрүшүм керек? Агам Курманбек Салиевич бийликте турганда деле анын иштерине кийлигишпедим”  деп жооп берди.

Ошондой эле Алмаз Чербековдун айтымында, Маратбек Бакиев “Адыл акем дагы 2016-жылдан бери Кыргызстанга келип-кетип жүрөт, Каныбек акеме болсо, соттун өкүмү айып пул төлөсүн деп чыккан” деп кошумчалаган.  

Ошондой эле тиешелүү органдар, сиз келгенде суракка алышкан жокпу деген суроого, Марат Бакиев «Жалал-Абад милициясы чакырып, сүйлөшкөн, “саясатка аралашпай, тынч жүрүңүз” деп эскертип кое беришкен” деген жооп узаткан.  

Кыргызстанды 2005-жылдан 2010-жылга чейин башкарган Курманбек Бакиев 2010-жылдын апрелиндеги элдик толкундоолордон кийин өлкөдөн кетип, андан бери үй-бүлөсү менен Беларустун борбору Минск шаарында баш калкалап келет. 

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, анын өзүнө жана жакындарына онго жакын факты боюнча айып тагылган. Ал өзү жана тун уулу Марат Бакиев соттун чечими менен 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Курманбек Бакиевге 2014-жылдын июнь айында  мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү чыккан. Бишкек аскердик соту аны 2010-жылдын 7-апрелиндеги революция маалында 87 адамды атууга күнөөлүү деп тапкан.

Арадан эки жыл өткөндөн кийин, 2016-жылы Жогорку сот мурдагы президент Курманбек Бакиевге мурда чыгарылган өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн 30 жылдык жаза мөөнөтүнө өзгөрткөн. Жогорку сот бул чечимин кылмыш-жаза кодексинин 50-беренесине ылайык, алтымыш жашка чыккан адамдар өмүр бою эркинен ажыратылбайт деген нормага таянып чыгарган.  

2021- жылы 27-апрелде Жогорку сот качкын президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Каныбек Бакиевге чыгарылган өкүмдү жокко чыгарды.

Кылмыш иши “кылмыш ишинин материалдары толук изилденбегендигине, процесстик мыйзам бузууларга, ошондой эле соттордун корутундулары менен иш жүзүндөгү келишимдердин дал келбестигине байланыштуу” деген жүйөө менен Жалал-Абад шаардык сотуна кайра кароого жөнөтүлгөн.

Бакиев Каныбек Салиевичтин жактоочусунун аны толугу менен актоо тууралуу кассациялык даттануусу канааттандыруусуз калтырылган. Каныбек Бакиев 2005-жылы Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын башчысы болуп турганда жер тилкелерин бөлүштүрүү боюнча комиссиянын төрагасы катары жер тилкелери мыйзамсыз берип, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган. Ошондой эле 2010-жылдагы апрель окуялары боюнча да ага карата кылмыш иши козголгон.

2020-жылдын март айында Жалал-Абад шаардык соту аны «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 6 жылга эркинен ажыраткан. Экинчи инстанциядагы сот 2020-жылдын декабрында бул өкүмдү өзгөртүп, Каныбек Бакиевге 4 миллион сом айып пул салган.

2023-жылы 18-февралда Президент Садыр Жапаров элге кайрылуу жасап, анда Кыргызстандын буга чейинки бардык президенттеринин башын кошкон жолугушуу өткөргөнүн, ал нейтралдуу тарапта болгондугун, анда сөз болгондор тууралуу билдирди.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мамлекет башчы Садыр Жапаров менен жолугушууга бардык мурдагы президенттер катышканын Фейсбуктагы баракчасына жазып чыккан. “Жолугушууга Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков катышты” деп билдирген.

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде Жаныш Бакиев, Максим Бакиев жана башка Бакиевдер Кыргызстанга келсе, камалабы деген суроого мындайча жооп берген:  

«Курманбек Бакиев, Жаныш, Акмат, Максим, улуу баласы Марат Бакиевдерге иш козголгон. Издөөдө жүрүшөт. Келсе, мен жогоруда айткандай, камалышат. Ал эми Башкы прокуратуранын мага берген маалыматы боюнча, Адыл Бакиев, бир тууган иниси Марат Бакиев, Каныбек Бакиевге иш козголбоптур. Издөөдө жок экен” деп жооп берген.     

Сүрөт: Алмаз Чербековдун Фейсбук баракчасынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты