Алматыда Кыргызстандын жарандары Рузахунов менен Сыдыковдун иши боюнча иликтөө жүрүп жатат

  • 2 года мурун

Кыргызстандын Акыйкатчы институту менен Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери Алматы шаарына барып, кыргызстандык жарандардан кабар алышты. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 9-февралда Кыргызстандын делегациясы Алматы шаарынын прокурорунун орун басары Нурлан Ауганбаев менен жолукту.

Ауганбаев Казакстанда кармалган кыргызстандыктарга керектүү укуктук жардам берилерин айтып, январь окуялары учурунда кармалып, сабалып, кийичнерээк бошотулган Кыргызстандын жарандары Викрам Рузахунов менен Чолпонбек Сыдыков боюнча кылмыш иши ачылып, иликтөө жүрүп жатканын билдирди.

Укук коргоочулар сапардын алкагында Алматыдагы жабык жайларды кыдырат, бул шаарда жашап, иштеген кыргызстандык эмгек мигранттары менен жолугат.

10-февралда кыргыз делегациясы Казакстандын Акыйкатчысы Элвира Азимова менен Тараз шаарында жолугары пландалган. Кыргызстандын Омбудсмен аппаратынын алдын ала маалыматына караганда, Таразда эки кыргызстандык камакта жатат.

Сыдыков жана музыкант Рузахунов январдын башында Казакстандагы башаламандык учурунда казак полициясы тарабынан кармалып, ур-токмокко алынган. Бир нече күндөн кийин кыргыз бийлиги жана активисттердин талабы менен бошотулган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты