Алдамчылыкка шектүү кармалды. Келтирилген зыян 4 миллион сомдон ашат
- 3 месяца мурун
Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына С.Б. аттуу жаран Д.С. 4 млн сомдон ашык акчасын алдап кеткендигине байланыштуу чара көрүүнү суранган.
Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ИИББ) билдирди.
Арыз ээсинин айтымында, 2025-жылдын июнь айында аталган жаран Түркиядан алынып келинген делген алтын буюмдарды сатуу шылтоосу менен ишенимге кирип, 4 129 300 сомун алып, андан кийин изин жашырып кеткен.
Бул факт боюнча кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын ИИББ кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Д.С. аттуу, 1970-жылы туулган жаран Свердлов райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген. Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде ал Бишкек шаарынын ИИББ убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө улантылууда.

Сүрөт: Бишкек шаардык ИИББ басма сөз кызматы




