Алайда барак тибиндеги үйдөгү өрттүн кесепетинен 63 жаштагы аял көз жумду

  • 4 недели мурун

Бүгүн, 13-июнда, саат 02:28де Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айылында барак тибиндеги турак үйдөн өрт чыгып, анын кесепетинен бир киши көз жумду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдагандай, өрттү өчүрүүгө саат 02:29да 1 бөлүм тартылып, андан кийин саат 02:36да дагы 1 бөлүм кошулду. Өрт саат 14:10до өчүрүлдү.

Тилсиз жоонун кесепетинен 63 жаштагы аял каза болду. Кырсык болгон үй 10 бөлмөлүү болуп, анда учурда 6 үй-бүлө — жалпы 23 адам жашап келген.

Өрттүн жалпы аянты 348,2 чарчы метрди түздү. Коңшу жайгашкан эки турак үй өрттөн сакталып калды. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Сүрөт: ӨКМ видеосунан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты