Ала-Тоо аянтындагы Манастын айкелинин алдына соода аянтчасы курулат
- 1 год мурун
Борбордук Ала-Тоо аянтындагы Манастын айкелинин алдындагы жер төлөнү соода аянчасы кылып куруу пландаштырылууда. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин сайтына жарыяланды.
Тендер Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жарыяланган. Анда жазылган маалыматка ылайык, долбоордук иштин баасы 1,8 млн сомду түзөт.
«Манас» айкелинин алдындагы жер төлөнү соода аянты кылып куруу боюнча долбоорду иштеп чыгууга тендер 2025-жылдын 21-январында жарыяланган. Сунуш-билдирүүлөр 5-февралга чейин кабыл алынат.
Эске салсак, Бишкек шаарынын мэриясы «Ала-Тоо» аянтында жайгашкан «Айкөл Манас» монументин реконструкциялоо иштерин баштаган.
Сүрөт: интернет булактары
Муну бөлүшүү




