Эки өспүрүм жер тилкеси менен камсыздалды
- 11 месяцев мурун
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда прокуратуранын текшерүүсүнүн жүрүшүндө 16 жаштагы эки өспүрүмдүн турак жайы жок экени жана мыйзамга ылайык камсыздалбаганы аныкталды.
Прокурордук чаралардын негизинде балдарга турак жай куруу үчүн жер тилкелери берилип, тиешелүү укук тастыктоочу документтер тапшырылды.
Мындан тышкары, 2025-жылдын алгачкы жарым жылдыгында облустагы прокуратура органдарынын аракети менен жалпы 10 камкордугусуз калган балага жер тилкелери бөлүнүп берилгени кабарланды.
Муну бөлүшүү




