Ала-Бука РИИБде сабалды делген адамдын окуясы иликтенүүдө

  • 2 недели мурун

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүндө (РИИБ) милиция кызматкерлери тарабынан сабалган жарандын окуясы иликтенип жатат. Бул тууралуу «Азаттык» Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборуна шилтеме жасап, жазды.

Эске салсак, 18-сентябрда Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбору кыйноолорду жана катаал мамилелерди алдын алуу максатында, Жалал-Абад шаарында жайгашкан Жаза аткаруу кызматынын №53 мекемесинде текшерүү иштерин жүргүзгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында, Е.С. аттуу жаран Ала-Бука РИИБнин милиция кызматкерлери тарабынан ур- токмокко алынганы аныкталганы айтылган.

Ала-Бука РИИБде сабалды делген адамдын окуясы иликтенүүдө
npm.kg

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты