Ала-Бука районунда сел жүрдү
- 3 месяца мурун
Бүгүн, 14-апрелде, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ынтымак айыл аймагынын Ак-Тайлак айылында болжол менен саат 15:30 чамасында мөндүр аралаш жамгыр жааган. Андан улам кокту-колоттордон сел суулары түшүп, бир үйдүн короосун сел суулары каптаган жана “ВАЗ 2017” үлгүсүндөгү автоунааны сел агызып келип, көпүрөнүн жогору тарабына токтоп калган.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Аталган аймакка ӨКМдин Ала-Бука райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана райондук жарандык коргонуу кызматтары тартылып, тактоо жумуштары жүрүүдө жана абал көзөмөлгө алынууда.
Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратып, тоолуу аймактарда сел жүрүшү күтүлөрүн эскерткен.
Сүрөт: Видео тасмадан
Муну бөлүшүү