Аксы районунда сел жүрдү

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 2-майда, саат 18:00-18:10 чамасында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Суу жана Сары-Челек айыл аймактарында мөндүр аралаш жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрдү.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар (ӨКМ) министрлиги билдирди.  

Сары-Челек айыл аймагынын Кызыл-Туу айылындагы Баатырбек тилкесинде сел суусу 10 турак үйдүн короо-жайын каптап өтүп, Баатырбек тилкесинин Сары-Челек – Кербен автоунаа жолуна кум-шагыл агызып келген. Мындан улам автоунаалардын өтүүсүнө тоскоолдуктар жаралган.

Ушул эле күнү Ак-Суу айыл аймагынын Төө-Басты айылында кокту-колоттордон түшкөн сел болжол менен 1500 метр ички чарбалык жолдун бетин жууп, айрым жерин бузуп кеткен. Жол каттам токтогон эмес. Мындан сырткары 5 турак үйдүн короо жайын каптаган. Айылдын  социалдык үч мекемесин сел суулары каптаган.

Ал жерлерге ӨКМден жардам барып, куткаруучулар иш алып барышууда.

ӨКМ 1-2-3-май күндөрү республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда, ошондой эле 3-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда туруксуз аба ырайы күтүлөрүн эскерткен.

Сүрөт: ӨКМ видеосунан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты