Акча талап кылган шектүү кармалды

  • 11 месяцев мурун

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн тергөө иштеринин алкагында Р.Б.И. аттуу жаран алдамчылык жана ири өлчөмдө акча талап кылууга шектелип кармалды.

Маалыматка ылайык, ал УКМКнын айрым кызматкерлери менен байланышы бар экенин айтып, буга чейин козголгон кылмыш ишин «чечип берүүнү» убада кылып, жаран К.Э.И.ден 2 500 АКШ долларын жана жаңы «iPhone 16 Pro Max» телефонун опузалап алган.

Жетиштүү далилдердин негизинде Р.Б.И. Жазык-процесстик кодекстин 96-беренесине ылайык №1 тергөө абагына камакка алынды. Учурда окуяга байланыштуу башка катышы бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иштери уланууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты