Ак-Суу суу чарбасынын экс-башчысы кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шектелүүдө

  • 1 месяц мурун

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук суу чарба экс-башчысы кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шектелүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, О.С.М. аттуу жаран Ак-Суу райондук суу чарбасынын башчысы кызматын ээлеп турганда, 2018-жылдан 2025-жылга чейин, жеке кызыкчылыгы үчүн компаниянын экскаваторун үчүнчү жактарга ижарага берип, кызмат абалынан кыянат пайдаланганы аныкталган. Жалпысынан 625 миң сомду түзгөн ижара каражаттары чарбанын  эсебине которулган эмес, анын ордуна О.С.М. тарабынан менчиктелип алынган.

Мындан тышкары, үчүнчү тараптардын көп жана мыйзамсыз колдонуусунан улам, экскаватор учурда иштебей турат жана колдонууга жараксыз. Баалоо боюнча, экскаватордун базар  баасы 800 миң сомду түзөт.

О.С.М. мамлекетке келтирген жалпы зыян 1 425 000 сомду түзгөнү белгиленди.

Мындан улам О.С.М. Каракол шаарындагы тергөө абагына камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Сүрөт: УКМК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты