Ак-Суу районундагы бир катар социалдык объектилер мамлекетке кайтарылды
- 2 месяца мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы бир катар объекттер мамлекеттин балансына кайтарылды.
УКМК басма сөз кызматы билдиргендей:
— 0,70 га өлчөмүндөгү 356 чарчы метр администрациялык имараты бар жер тилкеси;
— мурда Ак-Суу районунун Теплоключенка айылындагы Мамакеев атындагы орто мектептин балансында турган 944 чарчы метр аянттагы откананын имараты;
— Ак-Суу капчыгайында жайгашкан жылуу суулары бар аянты 39 чарчы метрди түзгөн дарылоо борборунун имараты;
Аталган жер тилкелерин жана курулмаларды мыйзам ченемдерин бузуу менен Ак-Суу айылынын тургуну К.Д.Ш. сатып алгандыгы аныкталганы айтылды.
К.Д.Ш. мыйзам бузуу фактыларын мойнуна алып, жогоруда аталган объектилерди Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына өз ыктыяры менен өткөрүп бергендиги белгиленди..
Мындан тышкары, мурда бала бакча жайгашкан 0,60 га өлчөмүндөгү мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы