“Ак-Ордо” конушунда турак үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү

Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу “Ак-Ордо 2” конушунда турак үйдөн чыккан өрт саат 02:08де өчүрүлгөнүн өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Маалыматта өрттүн жалпы аянты болжол менен 150 чарчы метрди түзгөнү айтылды. Жабыркагандар катталган жок. Өрттү өчүрүүгө Ленин районунан 8-февраль түнү саат 23:13тө бир бөлүм жана саат 23:23тө кошумча бөлүм тартылды.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты