Ак ниет, ак эмгек — коомдун ийгиликтүү өнүгүүсүнүн негизи. Президенттин куттуктоосу

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 1-май — эмгек майрамы менен куттуктады.

„Эмгек барда — өнмөк бар“ деген накыл кеп сыңары, талбаган эмгек, темирдей эрк жана кайрат-күч гана мамлекетибиздин өнүгүп-өсүшүнө жол салат. Ошондуктан, тарых таасын далилдеп келгендей, талыкпастан эмгек кылуу менен алдыга умтулуп, аруу максат-тилектерибизге жетели. Белгилүү мамлекеттик ишмер атабыз Исхак Раззаков „Уйку таттуу, эмгек андан да ширин“ деп бекеринен айтпаган чыгар.

Ак ниет, ак эмгек — ар бир коомдун ийгиликтүү өнүгүүсүнүн негизи. Биз адал эмгегибиз менен гана өз келечегибизди кура алабыз. Балдарыбыздын бактылуу келечеги биздин бүгүнкү күч-аракеттерибизден түздөн-түз көз каранды.

Бул күн бардыгыбызга өнүгүү үчүн түрткү боло турган жаңы-жаңы идеяларды, аларды ишке ашырууга күч-кубат бере турган күн болсун!

Улуттук дөөлөттү ушул күнгө чейин бекем сактап келген кыргыз журтубуздун кажыбас кайраты менен мээнетине, талыкпас аракети менен эмгегине таянып, өлкөбүздүн жаркын келечегин камсыз кылууга жетебиз деп бекем ишенем!» деп айтылат мамлекет башчынын куттуктоосунда.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты