Ак илбирс эл аралык күнү. Сүрөт капкандар эмнени көрсөттү?

Бүгүн, 23-октябрда, ак илбирстин эл аралык күнү белгиленүүдө. Кыргызстан бул сейрек кездешүүчү жаныбарды сактоого активдүү катышууда.

Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирип, ак илбирстин сүрөттөрүн жары кылды.

Министрликтин маалыматында айтылгандай, 2020-2021-жылдары Баткен, Ош облустарында, Кичи-Алай, Түркстан кырка тоолорунда долбоордун негиинде 150дөн ашык сүрөт капканы коюлган.

Өлкөнүн ар кыл аймактарына коюлган фото капкандар ак илбирстин саны жана алардын таралышы боюнча маалыматтарды алууга көмөк берди.  Анда бир катар райондордо 10дөн ашык ак илбирс бар экенин көрсөттү.

Ак илбирс Баткен облусунда (Түркстан кырка тоолорунда, Ош облусунда (Кичи-Алай кырка тоолорунда, Нарын жана Ысык-Көл облустарында бар экенин көрсөттү.  

2020-2021-жылдары INL долбоорунун алкагында Нарын жана Ысык-Көл облустарында 164 фото капкан уюштурулган. Биринчи этапта Жети-Өгүз сырттарында 8, Ат-Башы районунда 8 ак илбирс бар экени байкалган. Үчүнчү этапта Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорундагы ак илбирстер иликтенет.

Эске сала кетсек, ак илбирсти сактоо боюнча Глобалдык программанын секретариаты Кыргызстандын жаратылыш байлыктары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, эл аралык өнөктөштөр (Сноу леопард Траст), Германиянын жаратылышын коргоо союзу (НАБУ), Кыргызстандагы жапайы жаратылыш фонду (WWF), Кыргызстандагы ILBIRS коому менен бирге өлкөдөгү илбирстин санын аныктоо боюнча иш-аракет жүргүзүүдө.

Ак илбирс эл аралык күнү. Сүрөт капкандар эмнени көрсөттү?
Ак илбирс эл аралык күнү. Сүрөт капкандар эмнени көрсөттү?
Ак илбирс эл аралык күнү. Сүрөт капкандар эмнени көрсөттү?
Ак илбирс эл аралык күнү. Сүрөт капкандар эмнени көрсөттү?

Сүрөттөр: mnr.gov.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты