Айтылуу опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнөдөн кайтты
- 8 часов мурун
- Жаңылыктар
2026-жылдын 20-октябрында СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаева 90 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Кыргыз улуттук консерваториясынан кабарлады.
Кайыргүл Сартбаева 1936-жылы 20-июнда Кемин районундагы Кара-Булак айылында туулган. Ал Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясын аяктаган.
1962-жылы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын солисти болуп эмгек жолун баштаган. 1987-жылдан тартып Кыргыз улуттук консерваториясында сабак берген.
Кайыргүл Сартбаева 50дөн ашык опера партиясын аткарган, алардын арасында «Айчүрөк» операсындагы Айчүрөк, «Манастагы» Каныкей, «Токтогулдагы» Калыйман, «Евгений Онегиндеги» Татьяна, «Пиковая дамадагы» Лиза, Ж.Пуччининин «Чио-Чио-Сан» операсындагы Баттерфляй жана Ж.Вердинин «Аида» операсында башкы каарманды ж.б. аткарган.
Искусствого кошкон салымы үчүн 1974-жылы Кайыргүл Сартбаевага Кыргыз ССРинин эл артисти жана 1980-жылы СССРдин эл артисти наамдары ыйгарылган.
Сүрөттө: Кайыргүл Сартбаева. Интернет булактарынан




