Адылбек Касымалиев расмий сапар менен Беларусь Республикасына барды

  • 9 месяцев мурун

Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев расмий сапар менен Беларусь Республикасына барды. «Минск» улуттук аэропортунда өкмөт башчыны Беларусь Премьер-министринин орун басары Анатолий Сивак тосуп алды. 

Сапардын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев Беларусь Президенти Александр Лукашенко жана Премьер-министр Александр Турчин менен жолугушуусу күтүлүүдө. Жолугушуулардын жыйынтыгында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана чыңдоого багытталган бир катар эл аралык документтерге кол коюлат.

Мындан сырткары, Кыргыз өкмөтүнүн башчысы бир катар өнөр жай жана социалдык объектилерге да барат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты