Административдик-аймактык реформа: Нарын облусунда сыналат

Президент Садыр Жапаров Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө жарлыкка кол койду. 

Административдик-аймактык реформа төмөндөгү айыл аймактарында жүргүзүлөт:

Ак-Талаа району боюнча:

– Кош-Дөбө, Жерге-Тал жана Коңорчок айыл аймактарын бириктирип, Чолок-Кайың айылын административдик борбор деп аныктоо менен Ала-Буга айыл аймагын;

– Ак-Чий жана Кара-Бүргөн айыл аймактарын бириктирип,  Ак-Чий айылын административдик борбор деп аныктоо менен   Кара-Бүргөн айыл аймагын;

– Баетов, Терек жана Үгүт айыл аймактарын бириктирип, Баетов айылын административдик борбор деп аныктоо менен Баетов айыл аймагын;

– Ак-Тал, Жаңы-Талап, Көк-Жар, Тоголок-Молдо жана Кызыл-Белес айыл аймактарын бириктирип, Жаңы-Талап айылын административдик борбор деп аныктоо менен Тоголок-Молдо айыл аймагын;

Ат-Башы району боюнча:

– Ат-Башы, Ак-Жар жана Ача-Кайыңды айыл аймактарын бириктирип, Ат-Башы айылын административдик борбор деп аныктоо менен Ат-Башы айыл аймагын;

– Казыбек жана Кара-Коюн айыл аймактарын бириктирип, Кызыл-Туу айылын административдик борбор деп аныктоо менен Казыбек айыл аймагын;

– Ак-Моюн жана Ак-Муз айыл аймактарын бириктирип, Ак-Моюн айылын административдик борбор деп аныктоо менен Ак-Моюн айыл аймагын;

– Баш-Кайыңды жана Талды-Суу айыл аймактарын бириктирип, Баш-Кайыңды айылын административдик борбор деп аныктоо менен Баш-Кайыңды айыл аймагын;

– Кара-Суу жана Ак-Талаа айыл аймактарын бириктирип, Кара-Суу айылын административдик борбор деп аныктоо менен Кара-Суу айыл аймагын;

Жумгал району боюнча:

– Жаңы-Арык жана Куйручук (Кырчын айылынан башкасы) айыл аймактарын бириктирип, Жаңы-Арык айылын административдик борбор деп аныктоо менен Кызарт айыл аймагын;

– Жумгал жана Чоң-Дөбө айыл аймактарын бириктирип, Жумгал айылын административдик борбор деп аныктоо менен Жумгал айыл аймагын;

– Түгөл-Сай жана Таш-Дөбө айыл аймактарын бириктирип, Түгөл-Сай айылын административдик борбор деп аныктоо менен Түгөл-Сай айыл аймагын;

– Байзак жана Баш-Кууганды айыл аймактарын бириктирип, Байзак айылын административдик борбор деп аныктоо менен Байзак айыл аймагын;

– Чаек, Кызыл-Жылдыз, Көк-Ой айыл аймактарын бириктирип жана Куйручук айыл аймагынын Кырчын айылын кошуп, Чаек айылын административдик борбор деп аныктоо менен Чаек айыл аймагын;

– Миң-Куш жана Кабак айыл аймактарын бириктирип, Миң-Куш айылын административдик борбор деп аныктоо менен Миң-Куш айыл аймагын;

Кочкор району боюнча:

– Кочкор, Ак-Кыя, Кош-Дөбө, Көк-Жар айыл аймактарын бириктирип жана Семиз-Бел айыл аймагынын Семиз-Бел айылын кошуп, Кочкор айылын административдик борбор деп аныктоо менен Кочкор айыл аймагын;

– Кум-Дөбө айыл аймагына Семиз-Бел айыл аймагынын Арсы жана Кара-Тоо айылдарын кошуп, Кум-Дөбө айылын административдик борбор деп аныктоо менен Кум-Дөбө айыл аймагын;

– Чолпон айыл аймагына Семиз-Бел айыл аймагынын Чекилдек айылын кошуп, Чолпон айылын административдик борбор деп аныктоо менен Чолпон айыл аймагын;

– Кара-Суу жана Талаа-Булак айыл аймактарын бириктирип, Мантыш айылын административдик борбор деп аныктоо менен Кара-Суу айыл аймагын;

– Сары-Булак жана Соң-Көл айыл аймактарын бириктирип,  Сары-Булак айылын административдик борбор деп аныктоо менен Сары-Булак айыл аймагын;

Нарын району боюнча:

– Дөбөлү жана Орток айыл аймактарын бириктирип, Дөбөлү айылын административдик борбор деп аныктоо менен Дөбөлү айыл аймагын;

– учурдагы чек араларын өзгөрүүсүз калтыруу менен Чет-Нура айыл аймагын;

– Миң-Булак, Он-Арча, Эмгекчил жана Кара-Кужур айыл аймактарын бириктирип, Куйбышев айылын административдик борбор деп аныктоо менен Миң-Булак айыл аймагын;

– Жерге-Тал жана Казан-Куйган айыл аймактарын бириктирип, Жерге-Тал айылын административдик борбор деп аныктоо менен Жерге-Тал айыл аймагын;

– Жан-Булак жана Достук айыл аймактарын бириктирип,  Жан-Булак айылын административдик борбор деп аныктоо менен  Жан-Булак айыл аймагын;

– Учкун жана Сары-Ой айыл аймактарын бириктирип, Куланак айылын административдик борбор деп аныктоо менен Учкун айыл аймагын;

– Эмгек-Талаа жана Ак-Кудук айыл аймактарын бириктирип,   Ак-Талаа айылын административдик борбор деп аныктоо менен Эмгек-Талаа айыл аймагын камтыйт.

Нарын облусунун бириккен айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине киреше салыгынан түшүүчү каражаттардын 50 пайызы Нарын облусунун райондорунун өнүктүрүү фонддоруна багытталат.

Нарын облусунун бириккен айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине республикалык бюджеттен кошумча 10 миллион сомдон бөлүп берет.

–Нарын облусунун бириккен айыл аймактарынын аткаруу органдарына тиешелүү финансылык камсыздоо менен төмөнкүлөр боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берет:

мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана тескөө;

ички чарбалык ирригациялык системаларды эксплуатациялоо, күтүү жана келишимдик шарттарда сугат жерлерине ээлик кылган жана пайдаланган жактарга сууну бөлүштүрүү; ирригациялык системаларды, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын комплекстүү тейлөө жана өнүктүрүү жана жайыт жерлерин натыйжалуу башкаруу үчүн муниципалдык ишканаларды түзүү; 

– социалдык инфраструктураны өнүктүрүү, жергиликтүү деңгээлде көрсөтүлүүчү кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча чараларды көрүү;

– 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун бириккен айыл аймактарынын аткаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоону жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды Президенттик администрациясына берүү тапшырмалары коюлду.  

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты