«Адилет»: ЖМК, соцтармактагы жалган маалымат үчүн айып салуу цензурага алып келет

  • 2 недели мурун

«Адилет» укуктук клиникасынын юристтери маданият министрлигинин ЖМК жана социалдык тармактардагы жалган маалымат үчүн айып пул салууну сунуштаган мыйзам долбоорун талдап чыгып, бул өлкөнүн Конституциясына жана Укук бузуулар боюнча кодексине каршы келет деген бүтүмгө келишти.

«Адилеттин» юристтери өз талдоолорунда мыйзам долбоорунун жобосунда “адамдын өз оюн эркин билдирүү укугунун кепилдиктеринен мыйзамсыз чегинүү тобокелчилиги камтылганын” белгилешет. Эксперттер бул документ жарандардын сөз эркиндигине болгон конституциялык укуктарын чектөөгө алып келиши мүмкүн деп эсептешет.

Юристтер ЖМК жана интернет аркылуу жалган маалымат таратуу үчүн жоопкерчилик киргизүү сунушталып жаткан мыйзам долбоору чындыгында цензурага шарт түзүп жатканын белгилешти. Мыйзам долбооруна ылайык, маалыматтын чын-бышыгын аныктоо мамлекеттик органдарга жүтөлгөн.

«Адилет» клиникасы бул аткаминерлердин кызмат абалынан кыянат пайдалануусуна алып келет деп эсептейт.

Эксперттер жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, ошондой эле маалыматтык коопсуздукту камсыздоо мурдатан колдонулуп жаткан механизмдердин, ошондой эле «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү» мыйзамдын негизинде аткарылышы керектигин кошумчалашкан.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарында, сайтта, сайттын социалдык тармактардагы баракчасында жалган маалымат тараткан жеке жактарга 100 миӊ сом, юридикалык жактарга 200 миӊ сом айып пул салуу сунуштаган. “Укук бузуулар жөнүндө” кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу министрлик иштеп чыккан мыйзам долбоору 27-авугстта коомдук талкууга коюлган.

Документтин маалымкат-негиздемесинде долбоор коомдук кызыкчылыкты, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, маалыматтык коопсуздукту камсыздоо максатында жазылганы айтылат.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты