Абитуриенттер үчүн республикалык тестирлөө үч этапта өткөрүлөт

  • 2 года мурун

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев 2022-2023-окуу жылына жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн абитуриенттерге республикалык тестирлөөнү өткөрүү жөнүндөгү тиешелүү буйрукка кол койду.

Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, 2022-жылы абитуриенттер үчүн республикалык тестирлөө төмөнкү мөөнөттөрдө өткөрүлөт.

            I этап: 24, 25-майда (23-май – тест борборлорун даярдоо күнү);

            II этап: 27, 28-майда (26-май – тест борборлорун даярдоо күнү);

            III этап 24, 25-июнда (23-июнь – тест борборлорун даярдоо күнү).

Соңку III этапта жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калган абитуриенттер үчүн мөөнөтү жылдырылган тестирлөө өткөрүлөт.

Каттоого жетишпей калган абитуриенттер үчүн 23, 26-майда жана 23-июнда тесттик борборлордо кошумча каттоолор жүргүзүлөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты