Абдрасулов Алхам дүйнө чемпионатында алтын медаль утту
- 1 год мурун
Грециянын Афина шаарында өткөн 17 жашка чейинки спортчулар арасындагы (U-17) эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Абдрасулов Алхам 55 кг салмак категориясында алтын медаль утуп алды.
Жеңишке жеткен спортчу «Ак Илбирс» Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин (ОРАБӨСМ) тарбиялануучусу. Алхам чемпиондук наамга жетүү жолунда бир катар күчтүү атаандаштарын ишенимдүү жеңип, жогорку деңгээлдеги техникалык даярдыгын жана мүнөзүн көрсөтө алды.
Бул жеңиш кыргыз спортунун өсүп келе жаткан жаш балбандары үчүн чоң дем берүүчү жетишкендик болду.
Муну бөлүшүү




