Абанын температурасынын төмөндөшү күтүлөт  

  • 2 месяца мурун

Синоптиктердин билдирүүсүнө караганда, 24-майда күндүз жана 25-26-май күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт.

Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде катуу жаан-чачын жаашы күтүлөт.

26-майда күндүз жана 27-майда түнкүсүн абанын температурасы төмөндөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

27-майда түнкүсүн жана эртең менен Нарын облусунун дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде жана Ысык-Көл облусунун чыгышында 0…-2°ка чейин үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, байлаган мөмөлөрүнө, гүлдөгөн жер жемиштерге коркунучтуу.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертти.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты