Аба ырайы: төрт облуста түнкүсүн кар жаайт

  • 1 год мурун

7-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Калган учурда жана башка аймактарда кар жаабайт. Чүй менен Таластын айрым аймактарын эртең менен туман капташы мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +5…+10;

Талас жергесинде түнкүсүн -4…+1, күндүз +6…+11;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 0…+5, күндүз +5…+10;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +2…+7;

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -17…-22, күндүз -3…-8.

​Бишкекте кар жаабайт, түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-5 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +8…+10 градус болот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты