Аба ырайы кескин өзгөрөт

  • 2 года мурун

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык: 21-октябрда жана 22-23-октябрь күндөрү аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.

Мезгил-мезгили менен жаан, 22-октябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

22-23-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

22-23-24-октябрда түнкүсүн абанын температурасы кескин төмөндөйт:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2°, күндүз 1…6° жылуу;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 0…5° жылуу;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -2…+3°, күндүз 4…9° жылуу;

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 1…6° жылуу;

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз 0…5° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -4…-9° суук болушу күтүлөт.

Cүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты