9-декабрда: Көпчүлүк аймактарда кар жаайт
- 1 месяц мурун
Кыргызгидромет билдиргендей, бүгүн, 9-декабрда, күндүз көпчүлүк аймакта жаан жана кар жаайт. Айрым аймактарга туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, айрым райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…+5;
Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +1…+6;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +1…+6;
Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -2…+3;
Бишкек шаарында кар жаайт. Түнкүсүн -2…-4, күндүз +3…+5 градус жылуу.
Кыргызгидромет кызматынын буга чейинки маалыматына ылайык, 9–10-декабрда өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. Мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым аймактарда жаан-чачын күчөшү күтүлүүдө.
Сүрөт: Интернет булактарынан




