Өкмөт казинолордогу оюн столу үчүн салыктын көлөмүн белгиледи

  • 2 года мурун

Экономика жана коммерция министрлиги оюн-зоок иштерине салыктын ставкасын белгилөө жөнүндө токтомдун долбоорун коомдук талкууга койду.

Ага ылайык, 2022-жылы оюн-зоок жайында бир оюн столу үчүн 450 миң сом салык ставкасын белгилөө сунушталат. 2023-жылга 600 миң сом, 2024-жылдан тартып 750 миң сом салык салуу каралган.

Ошондой эле токтомдо оюн автоматтар жана компьютердик симулятор залдарында 1 оюн автоматы үчүн 2022-жылы 10 миң сом, 2023-жылы 15 миң осм, 2024-жылдан тартып 20 миң сом салык салуу сунушталган.

Кыргызстанда казинолордун ишине 2012-жылы тыюу салынган. Мындай чечимди кабыл алууга кумар оюндарынын кесепетинен үй-жайынан, колдо бар мүлкүнөн ажыраган адамдардын жакындарынын кайрылуулары себеп болгону айтылган.

Өкмөттүн кумарканаларды кайра ачуу тууралуу сунушу 22-июнда парламентте экинчи окууда беш жолу добушка коюлуп, дароо эле үчүнчү окууда да добуш берилип, 58 депутат «макул», тогузу «каршы» болгон. «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан беш депутат добуш берген эмес.

Талкуу учурунда айрым депутаттар казиного уруксат берүүнүн кесепети оор болорун айтып, каршы пикирин билдиришкен. Алар казинодон бюджетке анчалык көп акча түшпөй турганын, жарым миллионго чукул кыргызстандык Орусиянын паспорту менен жүргөн чакта кумарканаларга кыргыз жарандары киргизилбейт деген убаданы аткаруу дээрлик мүмкүн болбосун, жакындары кумарпоз болуп, үй-жайын, акыркы мүлкүн сатууга макул болгон канча деген үй-бүлөлөр үчүн трагедия күчөй турганын, кумар оюндары динге да каршы келерин, онлайн кумаркана ачуу «чет элдиктер гана ойной алат» деген негиздемеге карама-каршы келерин айтышкан.

Кумарканага каршы активисттер Бишкекте жана нааразылык акцияларын өткөрүшкөн.

Президент Садыр Жапаров кумарканаларга кайрадан уруксат берүү тууралуу мыйзамга 30-июнда кол койгон. 25-июнда ал мыйзамды колдоп берген депутаттарга алкышын айткан, ал эми каршы чыккандарды “саясий упай топтоп, элдин диний ишенимдерине ойноп, өздөрү эптеп бийликке келүүнү эңсеген күчтөр” деп атаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты