№7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлердин саны 10го жетти

  • 1 месяц мурун

№7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлердин саны 10го жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Алар:

1. Авазбек Абдугапаров;

2. Абдивали Балтабаев;

3. Максатбек Маматкулов;

4. Бекболот Арзибаев;

5. Бекмурза Эргешов;

6. Турсунбай Бакир уулу;

7. Калтарбек Кыдыров;

8. Юлия Лилиенталь;

9. Эмиль Караев;

10. Нурлан Танабаев.

№7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 2024-жылдын 28-мартында аяктайт.

№7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелге дайындалды.

№7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келген Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов мандатын тапшырарын жарыялаган. 13-мартта Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия №7 бир мандаттуу Ош шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмоновдун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин кабыл алган.

5-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын экени айтылып жүргөн Region телеканалында Искендер Матраимов, Надира Нарматова, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов жана Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырышы керек деген өңүттөгү бир нече материал чыккан. Анда алар Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовго байланышы бар экени айтылган.

22-февралда БШК Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиевди мандатынан ажыраткан . 2021-жылы Райымбек Матраимов менен чогуу соттолуп, айып пул төлөгөн Абдыбахаб Боронбаев 14-февралда депутаттык мандатын тапшырган.

Ошондой эле Бишкек административдик соту Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарган.

Айбек Осмонов буга чейин “Азаттыкка” берген комментарийинде Райымбек Матраимов менен жердеш экенин, бирок эч кандай байланышы жок экенин айткан. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты