7-декабрда: Айрым жерлерде жаан жана кар жаашы күтүлөт
- 1 месяц мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 7-декабрда, Кыргызстандын айрым жерлеринде жаан жана кар жаайт. Тоолуу райондордо кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +6…+11;
Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +4…+9;
Баткен облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +7…+12;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +8…+13;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +3…+8;
Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз +1…+6;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн -1…-3, күндүз +8…+10 градус жылуу.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




