7-апрелдеги аба ырайы: Айрым жерлерде жаан жаашы күтүлөт
- 1 год мурун
Кыргызгидромет борборунун билдирүүсү боюнча, бүгүн, 7-апрелде, Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында түнкүсүн жаан жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо кар жаайт. Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт.
Аба ырайы
Чүй облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26;
Талас облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25;
Баткен облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;
Ош, Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20;
Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19;
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, күндүз ала булут каптайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 11…13°, күндүзгү жогорку температурасы 24…26° жылуу болушу күтүлөт.




