6-апрель: Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт

  • 2 года мурун

Бүгүн, 6-апрелде, түнкүсүн Чүй, Ысык—Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал—Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар, Чүй, Ош, Ысык—Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан—чачын катуу жаайт. Баткен облусунда жаан—чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;

Таласта түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…+5, күндүз 12…17;

Нарында түнкүсүн -1…+4, күндүз 14…19;

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөйт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 8…10°, күндүзгү жогорку температурасы 22…24° жылуу болушу күтүлөт.

Кыргызгидромет кызматы 7–апрелге чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү күтүлөрүн эскерткен.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты