Кыргызстандык суучул Денис Петрашов АКШда өткөн турнирде 2-орунду ээледи

  • 2 года мурун

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов АКШда өткөн турнирде 2-орунду ээледи. Бул тууралуу Кыргызстандын Сууда сүзүү федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Петрашов турнирде 200 ярд аралыкты 1 мүнөт 51,89 секундда сүзүп өтүп, марага экинчи болуп келген.

«Албетте, бул жетишкендик Петрашовдун жана анын машыктыруучуларынын жеңиши жана ага АКШнын ачык чемпионатына катышууга мүмкүндүк берет. Денисти куттуктайбыз жана жаңы жеңиштерди каалайбыз», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Денис Петрашов 2021-жылы Токиодо өткөн жайкы Олимпиада оюндарында Кыргызстандын намысын коргогон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты