Клиникалык тез жардам ооруканасынын жетекчиси болуп Памир Муратов дайындалды

  • 2 года мурун

Клиникалык тез жардам ооруканасына кайрадан жаңы жетекчи дайындалды. Жетекчинин милдетин аткаруучу Памир Муратов бүгүн, 14-февралда жамаатка тааныштырылды. Бул тууралуу 24.kg басылмасы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин маалыматына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, жаңы жетекчини мурдагы Травматология жана ортопедия илимий борборунун директору Сабырбек Жумабеков өзү жамаатка тааныштырды.

Бейшеналиевдин айтымында, буга чейин ооруканага жетекчи болуп дайындалган Дамир Дүйшөнов өз эрки менен кызматтан кетүү тууралуу азыр жазган.

4-февралда Алымкадыр Бейшеналиев Травматология жана ортопедия илимий борборунун директору Сабырбек Жумабековду кызматтан бошоткон. Борбор жоюлуп, ордуна Клиникалык тез жардам ооруканасы иштей баштарын билдирген. Башкы дарыгер болуп Дамир Дүйшөнов дайындалган.

Сабырбек Жумабеков президент Садыр Жапаров айтмайынча кызматынан кетпей турганын билдирип, министрдин бул чечимин сындап келаткан. 5-февралда бир нече адам акцияга чыгып, Бейшеналиевдин отставкасын талап кылышкан. Оорукананын айланасындагы окуяларды иликтөө боюнча атайын комиссия иштеп жатат.

Травматология жана ортопедия илимий борбору Клиникалык тез жардам ооруканасы болуп өзгөртүлгөндөн кийин директорлук кызмат жоюлган. Оорукананы башкы дарыгер жетектейт.

Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий борбору ооруларды реабилитациялоо жана илимий багыттагы дарыгерлерди даярдоо максатында 2004-жылы Бишкек шаардык №4 оорукананын базасында түптөлгөн. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты