Адахан Мадумаров Башкы прокуратурада сурак берип жатат

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгында сурак берип жатат. Бул тууралуу 24.kg өздүк булактарына таянып жазды.

Башкы көзөмөлдөөчү орган бул маалыматты бышыктады, бирок кайсы маселеге байланыштуу сурак берип жатканы тууралуу азырынча комментарий берген жок.

Айрым бир тактала элек малыматтарга караганда, Мадумаров суракка 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу чакырылган. Ал документке ылайык, кыргыз тарап Тажикстанда 275 метр жер тилкесин 49 жылга ижарага алган.

Былтыр октябрда президент Садыр Жапаров коңшу мамлекет менен чек ара чечилбей жатканынын бир катар себептерин атаган. Ага Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча Мадумаров кол койгон протокол «кедергисин тийгизип жатканын» да билдирген.

Талаштуу тилкелердин айынан эки өлкөнүн чек арасында чыр-чатак байма-бай болуп турат. Былтыр жазындагы куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жараат алган.

Тажикстан тараптан 19 киши каза таап, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган. Эки өлкө тең бул жаңжал үчүн бири-бирин айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты