ЖМК: Нурсултан Назарбаевдин иниси Болат Кыргызстан аркылуу Дубайга учуп кеткен

  • 2 года мурун

Социалдык тармактарда Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси Болат Назарбаевдин тополоң учурунда кыргыз-казак чек арасынан өткөнүн тастыктаган документ тарап жатат.

Аталган документке ылайык, Болат Назарбаев 6-январь саат 05:36да «Кордай-автожол» көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстандын аймагына кирген.

24.kg басылмасы өздүк булактарынан Назарбаевдин Кыргызстандагы «Ак-Жол» көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу чек арадан өткөнүн тастыктаган.

«Болат Назарбаев Кыргызстандын аймагына 6-январда кирген. Бирок ошол эле күнү «Манас» аэропортунан Бишкек-Дубай маршруту боюнча учуп кеткен», — деп билдиришкен өздүк булактар.

УКМКнын Чек ара кызматы бул маалымат боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Белгилей кетсек, 6-январда «Манас» аэропортуна БАЭнин борбору Абу-Дабиден Назарбаевдерге таандык делген Bombardier Global Express учагы келип конгон. Учак кайра ошол түнү эле учуп кеткен.

ЖМК: Нурсултан Назарбаевдин иниси Болат Кыргызстан аркылуу Дубайга учуп кеткен

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты