Бишкек шаардык соту Калмаматовдун бөгөт чарасын кароону кийинкиге калтырды

  • 2 года мурун

Бишкек шаардык соту абактагы саясатчы Бактыбек Калмаматовдун бөгөт чарасын кароону кийинкиге калтырды.

Буга соттук коллегиянын бир мүчөсү, судья Шарабидин Токтосуновдун бул процесске катышуудан баш тартканы негиз болду. Токтосунов анын себебин Калмаматов менен буга чейин жакшы мамиледе болгону менен түшүндүрдү.

Шарабидин Токтосунов өткөн айдын башында судья болуп дайындалган. Ал азыркы президент Садыр Жапаров 2012-жылы октябрда Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясында камалгандан тартып анын адвокаты болгон. Былтыр бийлик алмашуу менен аяктаган октябрь окуяларынын маалында Жапаровду колдоп, Бишкектин борбордук аянтындагы акцияларда жүргөн.

Ушул жылы сентябрда Токтосуновго «эмгек сиңирген юрист» деген наам ыйгарылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты