Мэрия «Тазалыктын» каза тапкан кызматкеринин үй-бүлөсүнө 50 миң сом бөлүп берет

  • 2 года мурун

Бишкек шаардык мэриясынын резервдик фондунан жумуш учурунда унаа коюп кетип каза тапкан «Тазалыктын» кызматкеринин үй-бүлөсүнө 50 миң сом бөлүнүп берилет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, мэр Айбек Жунушалиев “Тазалык” ишканасынын жумушчусу каза болгон жерге барып, тийиштүү кызматтарга дем алыш күндөрү борбордук көчөлөрдү тазалоого жумушчуларды болушунча азыраак чыгарып, атайын техниканы көбүрөөк тартуу тапшырмасын берди.

Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен Шабдан баатыр көчөсүн тазалап жаткан жеринен “Тазалыктын” 35 жаштагы жумушчусун машине сүзүп, ал ошол жерден көз жумду. Айдоочу аял боюнча милиция тийиштүү иштерди жүргүзүүдө.

Мэрия белгилегендей, ал жумушчу жарык чагылдыруучу атайын кийим кийип иштеп жаткан.

Ушуну менен соңку бир айда Бишкекте “Тазалыктын” жумуш учурунда машина сүзүп каза болгон кызматкерлеринин саны үчкө жетти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты