Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Нур-Султанга кетти

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын Нур-Султан шаарына жумушчу сапары менен жөнөп кетти. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдады.

Сапардын жүрүшүндө бир катар эки тараптуу жана көп тараптуу жолугушуулардын өткөрүлүшү күтүлүүдө.

Расмий делегациянын курамы:

— Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев;
— коргоо министри Бактыбек Бекболотов;
— экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;
— саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев;
— Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев;
— айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев;
— салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов;
— бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков;
— президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары Айбек Айдарбеков.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты