Улуу Британияда Курманжан датка жөнүндө китеп жарык көрдү

  • 3 года мурун

Hertfordshire Press британ басылмасы кыргыз акыны Бүбайша Арстанбекованын Курманжан датканын басып өткөн жолун баяндаган «Queen Kurmanjan of the Mountains» поэмасын басып чыгарды. Бул тууралуу басылманын маалыматына таянып, 24.kg агенттиги жазды.

Аталган поэмада акын Курманжан датканын басып өткөн жолун акыркы сапарга узаганына чейин улуттук үрп-адаттардын жана баалуулуктардын негизинде кеңири баяндап берген.

«Китеп ар бир аялзаты өзүнүн өлкөсүнө маанилүү салым кошуу менен улуу инсан боло аларын жана болууга татыктуу экенин жакшы чагылдырып берет», — деп билдиришкен Hertfordshire Press’тен.

Китептин бет ачары ушул жылдын декабрында Ташкент шаарында «Ачык Евразия адабият фестивалы жана китеп форумунун (Literary Festival & Book Forum)» алкагында өтөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты