31-декабрдагы аба ырайы: Айрым жерлерде кар жаайт

  • 2 года мурун

31-декабрда түнкүсүн Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт.

Күндүз Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 2…7;

Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 1…6;

Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -1…-6.

Бишкек шаарында түнү жана күндүз кар жаайт. Абанын температурасы 0…+2°, күндүз 4…6° жылуу болот.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты