30-майда: Көпчүлүк жерлерде жаан жаайт, күн күркүрөйт
- 6 месяцев мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 30-майда,түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк жерлеринде, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаайт, күн күркүрөйт, Ош, Жалал облустарында жаан катуу жаайт. Күндүз көпчүлүк жерлерде жаан жаайт, күн күркүрөйт, айрым жерлерде жаан катуу жаайт
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +19…+24;
Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз+ 18…+23;
Баткен облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +21…+26;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +21…+26;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +18…+23;
Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +17…+22;
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан күтүлбөйт, күндүз жаан жаашы ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +22…24 градус ысык болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




