28-январь: Тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 28-январда, Кыргызстанда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан жаабайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5;

Талас облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 2…7;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 4…9;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 2…3;

Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндуз -1…-2.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6°, күндүз 3…5° болот.

Сүрөт: Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты