28-марттагы аба ырайы
- 1 год мурун
Кыргызгидромет борборунун билдирүүсү боюнча, 28-29-мартта Кыргызстанда аба ырайы туруксуз болот. Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда жаан жаап, карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы 28-мартта:
Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 3…8;
Талас облусунда түнкүсүн -1…-3, күндүз 1…6;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 5…10;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 6…11;
Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 3…8;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -9…-14, күндүз -4…+1 градус болот.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, кечке жуук карга айланат. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3°, күндүз 5…7° болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




