26-февраль: Көпчүлүк облустарда кар жана жаан жаайт

  • 1 год мурун

Бүгүн, 26-февралда, түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 26-28-февралда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.

Көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 0…5;

Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз -2…+3;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз 1…6;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 4…9;

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 2…7.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2°, күндүз 1…3° болот.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты