Шашылыш билдирүү: 26-28-февралда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт

  • 3 месяца мурун

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 26-28-февралда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.

Көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы кескин төмөндөйт

 Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз 0…5° жылуу, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 1…6° жылуу, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз 0…5° жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -2°суктан…+3° жылуулукка чейин, республиканын тоо этектериндеги райондорунда түнкүсүн -6…-11°, күндүз 0…-5°, тоолуу райондордо түнкүсүн -8…-13°, күндүз -3…-8°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23°, күндүз -3…-8° суук, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -25…-30°, күндүз -7…-12° суук болушу күтүлөт.

Мындай аба ырайы унаа жолдордун абалын начарлатат, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты