№26 бир мандаттуу шайлоо округу: Талапкер көрсөтүү мөөнөтү аяктады

  • 11 месяцев мурун

27-апрелде саат 24:00дө Бишкек шаарынын №26 Ленин райондук бир мандаттуу округу боюнча талапкер көрсөтүү мөөнөтү аяктады.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалымат бөлүмү билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 27-апрелдин аталган саатына карата, 49 адам талапкер катары өзүн-өзү көрсөттү. Алардын ичинен 40 эркек, 9 аялзаты. Мурда арыз бергендердин арасынан акыркы сааттарда талапкерликтен бешөө таш тартты.

Талапкерлер 2023-жылдын 30-апрелине саат 18)00гө чейин тиешелүү документтерди БШКга тапшырышы керек.

Бишкек шаарынын № 26 бир мандаттуу Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майына дайындалды.

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты