25-февраль: Баткен, Ош облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт
- 2 года мурун
Бүгүн, 25-февралда, түнкүсүн Баткен, Ош облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал—Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 14…19
Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 11…16
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндуз 6…11
Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 3…8
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5°, күндүз 16…18° болот.
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 26-28-февралда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.
Көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы кескин төмөндөйт
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз 0…5° жылуу, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 1…6° жылуу, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз 0…5° жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -2°суктан…+3° жылуулукка чейин, республиканын тоо этектериндеги райондорунда түнкүсүн -6…-11°, күндүз 0…-5°, тоолуу райондордо түнкүсүн -8…-13°, күндүз -3…-8°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23°, күндүз -3…-8° суук, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -25…-30°, күндүз -7…-12° суук болушу күтүлөт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




