Дүйшөмбү күнү Бишкек шаары боюнча 30 жаңы автобус каттамга чыгат
- 3 года мурун
18-октябрдан тартып Бишкек шаары боюнча Isuzu үлгүсүндөгү газ менен жүрүүчү 30 автобус каттамга чыгат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, автобустар №34, №21 жана №46 каттамдары боюнча каттайт.
«Жаңы №34 каттам Жеңиш конушунун тургундарынын суранычы менен «Эко жүргүнчүлөр ташуу» компаниясы тарабынан иштелип чыкты», — деп айтылат маалыматта.
«Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» ЖЧКсы чыгарган автобус каттамдары:
— №21 каттам: Биримдик конушу — Бакай-Ата конушу;
— №46 каттам: Дордой базары — Эне-Сай конушу — Чоң-Арык айылы;
— №34 каттам: Шоро фирмасы — Жеңиш конушу.
Сүрөт: Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү