​Султанбек Жумагулов жаңычыл журналист жана министр эле

Бүгүн, 8-октябрда, мурдагы маданият министри, журналист Султанбек Жумагулов акка моюн сунган күн экен.

Көз жумганына быйыл үч жылга караптыр. Ал кайгылуу күндүн числосу так эсимде болбосо да, кечээ оюмда көп нерсени сыдыргыдан өткөргөн элем.

Биз курсташ, группалаш болчубуз. 1976-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүндө беш жыл чогуу окуганбыз. Алгач аны көргөнүм, эсимде калганы тууралуу мындай окуяны мурда бир ирет айткам, азыр да айтып берейин:

Мындан 40 жыл мурда биз кыргыз тили жана адабиятынан университетке кирүү экзаменин тапшырып жатканбыз. Менин №1 билетимде “Кандай аял тууду экен, Лениндей уулду!» деген Токтогулдун ыры жана башка суроолор келди. Бул ырды жатка билчү элем, бирок дагы бышыктап, куплеттерин толуктап коюу үчүн артымдагы бейтааныш абитуриентке кайрылып калдым. Ал бир баракка ырдын 4-5 куплетин жазып узатты.

Кезегимден мурун кол көтөрүп жооп бердим. Качкынбай Артыкбаев агай адабияттан жана кыргыз тилден башка дагы жоопторду угуп туруп,” бир аздан кийин ушуну камерага айтып бересиң” деп калды. Экинчи ирет жообумду кайталасам, эшикте экзамендегилерди күткөндөр түз байланыштан жообумду угуп турушуптур. Чыкканда баары, анын ичинде менин аталаш эжем Карачач да, куттуктады.

Кубанып чыгып, бирок мага жардам берген уланды таппай калдым. Ал студенттикке кандидат болуп жарым жылдай жүрүп, анан гана студент болуптур.

Окууга кайтып келгенден кийин аудиторияда арттагы орундуктагы улан “Мени тааныйсыңбы?” деп калды.

-Абитуриент кезде Таласка, Көк-Дөбөдө чогуу тамеки тербедик беле?

Ал: -Кандай аял тууду экен Лениндей уулду!- деди.

—Аа, ошондо экзаменде мага жардам берген сиз белеңиз?

Аябай кубанып, кайра-кайра ыраазылыгымды билдирип аттым.

Султанбектин андан аркы студент кези кандай эле десем, 17-18 жаштардгы ак жуумал, орто бойлуу, бирөөгө жардам берүүдөн аянбаган, сабакты өзү билип турса да, жооп берүүдөн тартынган, сүрдөгөн, бирок баарын билген, тез-тез сүйлөгөн студентти элестетем. Бирок сабакта кол көтөрүп бир чыгып алса, теманы ийне-жибине чейин айтып берчү. Группада кандайдыр бир чакан иш-чара уюштурулса да, ошого чоң маани берип, жаңы ой киргизгенге аракети күч экенин эстедим.

Кийин Султанбектин тартынчаактыгы калып калды окшойт. Же кесиптик чеберчиликке келгенде, адам баарын жеңет окшобойбу. Эл аралык журналист катары таанылды. BBC, «Азаттык” сыяктуу медиаларда кабарчы, алардын Бишкек бюросун да башкарды, маданият министри болду.

Журналистика боюнча нускама китептерди, бир топ сатиралык чыгармаларды жазды. 2016-жылы апрель айында “Журналистикага жол” аттуу китебинин бет ачарын өткөрдү. Кийин “Кыргызча жашоо бормулалары” аттуу китебин жарыкка чыгарып, бет ачар кылды.

Китебинин бет ачарын өткөрүп, улуу- кичүү дебей, көбүнө сөз берип, группалаштарга сөз бербей койду. Группалаштар буга таарынганын өзүнө айтышты. Анда Султанбек “Силер менин жаман жактарымдын баарын элге айтып койсоңор, ээ?” деп тамашалаган болду. А чынында, жакын кишилердин мактоосунан алыс болоюн деген ою го деп койдум.

Кечеде анын атасы жана апасы менен таанышып калдык. Султанбектин аңгемелериндеги Ат-Башыдан бир чанач кымыз, бир койдун этин бүтүндөй көтөрүп келген апасына, “Ак торпок” деген ылакап атка конгон атасына таңданып аттык. Атасы кантип “Ак торпок” ылакап атка калганын, эл ичинде эзелтен ырдалып келген ырларын жатка айтып берди. Ата-энеси карапайым, аруузат адамдар экен. Султанбектин өзүнүн да «Ак торпок» аттуу чыгармачылык аты — псевдоними ошондон улам экен.

Журналисттик кесибибизге байланыштуу, кийинки кезде тренерлердин катарында мен иштеген редакцияга келип, макалаларыбызга баяндама, талдоо жасап калчу. Талдоосу профессионалдуу эле.

Бир ирет кайсы бир партиянын парламенттик шайлоо өнөктүгүнө иштөөгө чакырды. Шайлоо үгүтүнө иштөөгө такыр көңүлүм келбесе да, жетекчиге айттырып атып, бир ай жумушумдан бошоттуруп алды.

Өзү мамлекеттик кызматка барганда, мага да ар кайсы кызматтарды сунуш кылып атты. Баш тартып койгондо, капа болуп калганын билчүмүн. Анткени “Ушунтип эки миң нускада чыккан гезитте байкалбай жүрө бер. Өзүңдү бул жерде дүйнөгө таанылган журналисттей сезип алыптырсың. Мага окшоп, эл аралык журналист болуп кетсең, анда бир жөн” деп жемелегени да, таарынганы да бар.

Мезгилинен эрте карып, өздөрүн кемпир-чал көрсөтүп алган образ ага абдан жат эле. Тыкан жүрүп, жарашыктуу кийинип, тез-тез басып, тез-тез сүйлөп, калемин да жорголотуп, жаштар менен аралашып футбол ойноп, иште устат болуп, айтор мезгилден калышпай, креативдүү идеяларга бай, жаңычыл адам катары эсте калды.

Жашоонун ачуусун татты, таттуусун көрдү. КТРКде жетекчи болуп жүргөндө Монголияга бара коюп, уят болуп калган жагдайы бар. Аны дагы мойнуна алып, “мен силердей эл сынына чүнчүп калбайм, кайра чыңалам” деп жүрдү. Айткандай, андан кийин да жылдызы жанып, китеп жазып, мамлекеттик кызматка барып, маданият министри болууга да жетишти.

Жаш кездери ишкерлик жасай коюп, көпчүлүктө жеңил машина жок кезде, кыпкызыл жеңил унаа алып, бизди, кыздарды, тойдон үйгө жеткирчү эле. Ишкерликке кантип киргенин, кантип жеңил унаа алганын, Арча-Бешикке кантип там салганын айтып, шаарды айлантып, үйгө жеткирген күндөрү болду. Тойлорду да жаңыча форматта өткөрөбүз деп, кытай жоолук, калпакты коюп, китеп берели деген сунуш киргизди. Азыр тойлордо китеп тартуулап калышпадыбы.

Маданият министри болуп жаңы дайындалганда курсташтар куттуктап баралы десек, бошобой атканын шылтоологон. Анан өзү ага ким куттуктап барып, чепкен- калпак кийгизгенин ачык жазып, уяткарды. Айтор, ал мезгилден калышпай, жаңы идея, жаңы дем менен жашоону сүйгөн адам болчу.

Катуу ооруп калганы тууралуу кеч билдим. Түркияда дарыланып жатканын угуп, Интернеттен жазсам, эч кандай сыр билдирбей, сопсоо кишидей түр көрсөткөн.

Биз, курсташтар, Султанбекти жоготконубузга аябай кайгырдык. Анткени ал арабыздан чыккан кыйындардын көч башында эле, арабыздан чыккан министр эле.

Султанбек тууралуу дагы бир курсташыбыз Бейшенбек Бекешовдун (Бейшен да дүйнөдөн өтүп кетти) минтип айтканы бар:

“Кайран Сукем ашынган батышчыл эле. Экөөбүз ЖОЖдо окуган немис тили аз көрүнүп, англис тилин өз алдынча үйрөнүп, эркин сүйлөп калган. Айылдан орусча он ооз сөз билбей келсе, Пушкиндин тилинде көркөм чыгарма жазуу даражасына жеткен баатыр эле. Батыштын демократиясына, деги эле батыштан келген нерсенин көбүнө, анын ичинде медицинасына да укмуштай ишенчү.

Ошентсе да ал элдик, элеттин, айтылуу Ат-Башынын кулуну, жан дүйнөсү акактай таза, элдин баарын өзүндөй көрүп ишенген, көп учурда ошол ишеничтин курмандыгы болгон айкөл, өзү үчүн эмес, жалаң өзгөлөр үчүн жашап өткөн кыргыздын кыраан журналисти, көркөм сөздү, айрыкча сатира менен юморду, катыра жазган чебер жазуучусу болчу” деген.

Журналистикада, чыгармачылыкта же мамлекеттик кызматта болсун, Султанбек Жумагуловдун берээр идеясы, ой-максаттары али да арбын болчу. Ал аз, бирок саз жашады. Артында эбегейсиз эмгеги, учугун улай турган уул-кыздары, шакирттери, достору, жакын санаалаштары бар. Шакирттерин, жаштарды башкалардан артык баалап, аларга чоң үмүт артчу..

Айгүл Бакеева

Превью сүрөт: Интернет булактарынан. Экинчиси — китептин бет ачары учурунда. 2016-жыл, апрель. Автордуку.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты