24-март: Аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт
- 1 год мурун
Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, бүгүн, 24-мартта, аба ырайы кескин өзгөрүп, түнкүсүн айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 12…17;
Талас облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 12…17;
Баткен облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 16…21;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 16…21;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;
Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 11…16.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) өлкөдө 24-26-март күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөрүн билдирди. Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.
Кыргызстанда 24-25-март күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү күтүлөт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




